Депутат инфекциялык ооруканага кайрылгандар көп болуп жатканын айтты

Депутат Айсулуу Мамашова калк арасында жугуштуу оорулардын кескин көбөйүп жатканына тынчсызданууда. Эл өкүлү Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасына күнүнө 300 адам кайрыларын белгиледи.

Парламентарий инфекциялык оорукананын дарыгерлеринин жумушунун көптүгүнө байланыштуу айлык маянасын көтөрүү зарыл деп эсептейт. Мындан тышкары, ал инфекциялык оорулар боюнча мындай курч кырдаалда, өлкөбүздө балдарды өтө коркунучтуу оорулардан коргой турган вакциналарынын жетишсиздигин белгиледи.

“Бул эң жаш жарандарыбызга, өзгөчө ымыркайларга чоң коркунуч туудурат”, — деди депутат Айсулуу Мамашова.