Депутат Борбиев: «Таш-Көмүр шаарында вирустук гепатит күч алып жатат»

Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында гепатит ооруларын алдын алуу жана республикадагы гепатиттер боюнча жалпы эпидемиологиялык абал тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы угулду.
Жыйында аталган маселе менен тааныштырган Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев белгилегендей, 2025-жылы өлкө боюнча курч вирустук гепатиттин 8555 учуру катталса, 2024-жылы бул көрсөткүч 21195 учурду түзгөн. «Натыйжада жалпы оорулуулук деңгээли 2,4 эсеге төмөндөгөн», – деген баяндамачы 2026-жылдын 1-январына карата 578 бейтап боор алмаштыруу операциясын жасатканын кошумчалады. Талкуу маалында депутат Жылдыз Эгенбердиева В жана С гепатиттерине скринингден өткөрүү программасын ыкчамдатуу жана тиешелүү реестр түзүү керектигин белгиледи. Ошондой эле эл өкүлү алгач лабораториялык изилдөө жүргүзүп, андан соң гепатиттерге каршы эмдөө иштерин жүргүзүү керектигин айтты.
Ал эми депутат Нуржамал Торобекова калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселесин көтөрүп, анын жетишсиздиги жугуштуу оорулардын өсүшүнө олуттуу себеп болуп жатканын жүйө келтирди.
Комитет төрайымы Гүлсүнкан Жунушалиева бул багытта алдын алуу иш-чараларын күчөтүү, өлкөдөгү дарылоо мекемелерин дары-дармектер, реактивдер, тест-системалар, вакциналар жана башка зарыл каражаттар менен өз убагында камсыз кылуу маселелерин ортого салды. Буга Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун директору Үмүткан Чокморова 2026-жылга бул максаттар үчүн 492 миллион сом каралганын маалымдады.
Өз кезегинде депутат Гүлнара Баатырова Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун илимий-аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу керектигин билдирип, муну менен катар эмдөөдөн баш тартуу учурларына байланыштуу калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө чакырды. Депутат Улукбек Карыбек уулу гепатит менен ооругандарды социалдык жактан коргоо механизмдерин күчөтүү зарылдыгына көңүл бурду.
Ошондой эле бул маселени комитетте кароону демилгелеген депутат Болотбек Борбиев анын атына Таш-Көмүр шаарынын тургундары кайрылганын, аталган шаарда вирустук гепатит күч алып жатканын белгилеп: «Негизги себептердин бири таза ичүүчү сууга жеткиликтүүлүктүн жоктугу болууда», – деген депутат бардык жооптуу мамлекеттик органдарды бул көйгөйдү чечүүгө бардык күч-аракеттерин жумшоого чакырды. Жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы эске алынды.