Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова Ала-Арча капчыгайында жайгашкан Рацека альпинисттердин базасына барды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.
«Бул жерде биздин 7 чокубуз бар. Ошонун ар биринде мөңгү жатат. Менин максатым мөнгүлөрдүн абалын билүү болду. Мурда кандай абалда эле, азыр кандай экенине кызыктым. Альпинисттер менен сүйлөштүм. Алар «абанын температурасы көтөрүлүп, мөңгүлөр аябай тез ээрип жатат, кышында керектүү деңгээлде кар жаабай жатат» дешти»,- деди ал.
Кыргызстандагы Ала-Арча капчыгайында жайгашкан Хижина Рацека кыргыз альпинизминин негиздөөчүлөрүнүн бири Владимир Рацеканын ысымы менен аталган. Башында альпинисттер жана туристтер үчүн баш калкалоочу жай катары кызмат кылган кичинекей таш конструкция болгон. Бүгүнкү күнү бул базалык лагерь болуп саналат, ал жерде альпинисттер чатыр тигип, жакын жердеги чокуларга чыгууну башташат.










