Депутат Эрулан Кокулов Токмок шаарынын мэри менен ызылдашкан видео менен бөлүштү

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов социалдык тармактагы баракчасына «Токмок шаарынын мэринин элдин суранычы менен барган эл өкүлүнө жасаган мамилеси» деген видео жарыялады.

Видеодон Эрулан Кокулов Токмок шаарынын мэри менен ызылдашып жатканын көрүүгө болот. Алдын ала маалыматтар боюнча, депутат шаардын аймагындагы спорттук залга барып, ага жасалган оңдоо иштерине нааразы болгон.