Депутат Икрамов: «Жай келери менен түнкү саат 3тө машиналар жарышат»

Депутат Тазабек Икрамов ички иштер министрлигин автобейбаштык кылган спорттук унаалардын айдоочуларына чара көрүүгө чакырды.

Буга чейин Укук тартиби боюнча парламенттин комитетинин отурумунда «Жымжырттык жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болгон. Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары Сеидбек Атамбаев жана Дастан Бекешев.