Депутат Икрамов: «Жаңы туу гимн ойнолуп, ардактуу кароолдун коштоосунда көтөрүлүшү керек эле»

«Жаңы туу гимн ойнолуп, ардактуу кароолдун коштоосунда көтөрүлүшү керек эле». Мындай пикирин депутат Тазабек Икрамов соцтармактагы баракчасында жарыялады.

«Ырас, Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын добуш берүүсүнөн өтүп, президент кол койгондон кийин жаңы туу расмий түрдө аз массовка болсо да, жок эле дегенде мамлекеттик катчынын катышуусунда гимн ойнолуп, ардактуу кароолдун коштоосунда көтөрүлүшү керек эле (Душман гана тууну жашырынып келип алмаштырат). Тилекке каршы, андай болбоду. Ошол жерде жалпы ЖМКлардын катышуусунда мамлекеттик катчы тууну оңдоп, түзөөгө эмне негиз болгонун жана кайсы жерлерине түзөтүү киргенин айтып беришсе болмок. Туу жөнөкөй маселе эмес. Бул бүтүндөй бир идеология! Андан тышкары, желектин Жогорку Кеңеште сунуш кылынган варианты башка, Викидепияда башка, илинген желектин өңү башка болгону жалпы элдин нааразычылыгын гана жаратат. Бул боюнча тез арада президент башында турган мамлекеттик комиссия түзүлүп, тиешелүү адамдар жоопко тартылышы керек. Ансыз наразычылык көбөйө берет», — деп жазылат депутаттын билдирүүсүндө.