Депутат Икрамовго Жогорку Кеңеште чапан жаап, калпак кийгизишти

Бүгүн, 25-октябрда депутат Тазабек Икрамовго Жогорку Кеңеште чапан жаап, калпак кийгизишти.

Ал буга чейин Грецияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасында дүйнөлүк чемпионатында күмүш медаль жеңген. Эл өкүлүн кечээ, 24-октябрда аэропорттон тосуп алышкан болчу.