Депутат Исхак Масалиевге Түркияда операция жасалды

Депутат Гуля Кожокулова Жогорку Кеңештеги маалымат жыйында депутат Исхак Масалиевдин чет өлкөдө операция жасатканын билдирген.

Депутат Масалиев өзү соцтармактагы баракчасына 26-августта операция болгонун жазып, Айназик аттуу кичинекей кыз менен түшкөн сүрөтүн жүктөдү. «Анталья шаары. Сентябрь. Айназик кызыбыз боор алмаштыруу операциясынан чыгып, айыгып баратат. Буюрса баары жакшы болот эми. Экөөбүз бир күндө, 26-августта сыноодон чыктык.

Энеси 5 жыл мурда өмүрүн берсе, атасы Үмөт бүгүн боорун бөлүшүп, кичинекей алтын кызынын келечегин улантып беришти. Айназик өмүрлүү болсун. Чоңойгондо кыргыздын мыкты кыздарынан болуп, элине кызмат кылып, үй-бүлөсүнө жакшылыктарды алып келсин», — деп жазды ал.