Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ага бала бакчадагы тарбиячы, мектептеги мугалимдер жапырт кайрылганын айтты.
Анын айтымында, азыр жума сайын ишембилик өтүп жатат. «Мугалим балдар менен беш күн иштейт, алтынчы күнү акысыз иштеп, арык, таштанды тазалаганга мажбурлашат. Бул туура эмес. Алар мамлекеттин кулу эмес! Билим берүү министрлиги алардын укугун коргошу керек эле, бирок үн катпай отурат”, — деди эл өкүлү.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева ага кайрылуу түшпөгөнүн, бирок кайрылуу келсе, сөзсүз карап чыгарын айтты.