Депутат: «Жабырлануучу Жаныбек Абировду кечирип, тосмо арыз жазыптыр»

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров сабаган жаран тосмо арызын жазып, жарашыптыр. Бул тууралуу депутат Жусупбек Коргонбай уулу журналисттерге билдирди.

«Мен бүгүн уктум, жабырлануучу тарап тосмо арыз жазып, жарашышыптыр. Жарашкан нерсени козгоонун кереги жок», — деди ал.