Депутат Жанар Акаев ИИМге суракка чакыртылды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ИИМге суракка чакыртылды. Бул тууралуу журналист Али Токтакунов соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка караганда, сурак саат 17:30да башталат.

Буга чейин ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген видео социалдык тармакка жарыяланган. Аудио жазууда Курсан Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти куралдуу басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жазуу түрүндө көрсөтүлгөн. Видеодо аты аталган депутат Жанар Акаев бул боюнча үн катып, эч бир саясатчы, коомдук ишмер менен бийликти күч менен басып алабыз, массалык башаламандык уюштурабыз деген сыяктуу сөздөрдү сүйлөшпөгөнүн айткан.