Депутат: «Жашыруун иш окшойт. Мадумаров менен сүйлөштүрбөй коюшту»

«Жашыруун иш окшойт. Мадумаров менен сүйлөштүрбөй коюшту». Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутат Гуля Кожокулова билдирди.

«Сүйлөшүүгө да мүмкүнчүлүк беришкен жок. Жактоочу мамлекет тарабынан берилиптир. ИИМдин жетекчилигинен эч ким жок экен. Кандайдыр бир маалыматты да ала албай койдук. Жашыруун иш окшойт. Азыр баш коргоо чарасы каралышы үчүн Биринчи Май райондук сотуна алып кетип жатышат деп ойлоп жатам», — деди эл өкүлү.