Депутат Жумабеков: «Ар бир үчүнчү мугалимдин мойнунда илинген кредити бар»

«Ар бир үчүнчү мугалимдин мойнунда илинген кредити бар». Бул тууралуу депутат Дастан Жумабеков билдирип, алардын маянасын көтөрүү керектигин айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, билим жана тарбиянын көйгөйүн чечүүнүн башкы багыты билим сапатын жогорулатуу керек. «Сапатуу билим берүү үчүн мугалимдердин маянасын көтөрүп, заманбап ыкмаларды жана жаңы технологияларды колдонууга шарт түзүү маанилүү», — деди депутат.