Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы маселеге чекит коюлганын айтып, куттуктады.
«Жаңылыктардан да айтылып жатат. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда орчундуу маселе болгон. Кечээ эки тараптын сүйлөшүүсүнүн аркасынан маселеге чекит коюлду деп угуп жатабыз. Жалпыңыздарды куттуктайм. Мамлекетте тынчтык болсун», — деди ал.