Депутат Мамасадыков Ноокендеги бир катар курулуштан кабар алды

Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ноокен районунда жана Таш-Көмүр шаарында курулушу жүрүп жаткан бир катар объекттерди кыдырды.
Алгач депутат Кызыл-Алма айылындагы жабык типтеги кичи футбол аянтчасынын курулушун көрдү. Бюджеттин эсебинен 10 миллион сомго курулуп жаткан футбол аянтча жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Шамалды-Сай шаарында кароосуз калган борбордук стадион да капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатат. Курулуш 61 миллион сомго бюджеттен каржыланып, эгемендүүлүк майрамына карата пайдаланууга берүү пландалууда. Курулуштун жүрүшү менен таанышкан эл өкүлү ишти сапаттуу бүтүрүүгө көңүл бурду.
Андан ары депутат Шамалды-Сай шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнө салынып жаткан жаңы имараттын курулушун көрдү. 10 койкалуу имаратты да мамлекет каржылап, быйыл сентябрь айында ишке берүү пландалып жатат. Оорукананын башкы дарыгери Манас Медерканов көйгөйлүү маселени чечүүгө көмөктөшкөн депутатка ыраазычылык билдирди.
Мындан тышкары, Замирбек Мамасадыков иш сапарынын алкагында Ноокен жана Аксы райондорунда капиталдык оңдоо жана курулуш иштери жүрүп жаткан бир катар социалдык объекттерди көрүп чыкты. Алсак, капиталдык оңдоп түзөөдөн өтүп жаткан Шамалды-Сайдагы №111 лицей жана “Аленушка” балдар бакчасынын имараты, Үч-Коргон айыл аймагынын Жар-Башы айылында курулуп жаткан 375 орундуу жаңы мектепте иш жүрүүдө. Аны менен катар кайрымдуулук фонд тарабынан Ношкен айылында кошумча мектептин жана Бүргөндү айыл аймагынын Курама айылына ФАПтын курулушу жүрүп жатат. Негизинен эл өкүлүнүн демилгеси алдында аймактагы бир катар объекттердеги курулуштар бюджеттин жана кайрымдуулук фонддордун каржылоосунда ишке ашууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Достук айылынын тургундары менен жолугушуп, аларга аймакта жасалып жаткан иштер, өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча айтып, жашоочулардын суроолоруна жооп берди. Ошондой эле эл өкүлү Таш-Көмүр шаарында жайгашкан “Кристалл” заводунун аймагында сакталып турган уулуу затты утилдештирүү маселеси боюнча аталган жайдан да кабар алды.