Депутат: «Манас» аэропортунда 2 миңден ашуун жүргүнчү каттамын күтүп отурат»

«Манас» аэропортунда 2 миңден ашуун жүргүнчү каттамын күтүп отурат». Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев билдирди.

«Эл аралык жана ички каттамдардын жүргүнчүлөрдүн бир нече сааттан бери өз каттамдарын күтүп жатышат. Алардын айрымдары башка өлкөлөрдөн транзит менен учуп келишкен. Биз дьюти-фри зонасында шарттар кандай экенин билебиз. Ал жерде пирожкини 50-70 сомдон, сууну 100 сомдон сатышат. Авиакомпаниялардын эсебинен аларга шарт түзүп, ысык тамак берүүнү уюштуруу керек», — деди ал.