Депутат: «Мектептин айланасындагы дүкөндөрдө эмне сатылып жатканын караш керек»

Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова Чүйдө катталган окуучулардын уулануусунан кийин мектептин айланасындагы дүкөндөрдө эмне сатылып жатканын караш керектигин айтты.

«Буга көңүл буруш керек. Кечээ массалык уулануу болду. Окуучуга ата-энелер күнүнө акча берет экен. Эмне жеп жатканын эч ким билбейт»,- деди депутат.