Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен отуруму өтүп жатат. Жыйында депутат Токтобүбү Ашымбаева ипотекалык үйлөр буга чейин күч түзүмдөрүндөгү кызматкерлерге берилгенин айтып, мугалимдерге, дарыгерлерге, маданият кызматкерлерине да үй берилеби же жокпу деп кызыкты.
«Мугалимдердин үйү жок болгондуктан жеке мектептерге же чет өлкөлөргө кетүү коркунучу турат. Мугалимдер үчүн көп кабаттуу үйлөр курулабы?» — деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик ипотекалык компания бүгүнкү күндө 64 миңге жакын батир куруп жатканын айтты. «Мурда күч органдарына берилчү эмес, азыр берип жатабыз. Мугалимдерге, дарыгерлерге, маданият кызматкерлерине да каралган. Бул иш биздин көзөмөлдө»,- деди төрага.
Депутат үйдүн 50 пайызын төлөп алган акчалуулар кезектин башында экенин айтты.