Депутат Надира Нарматованын уулу кармалганы маалымдалды

Бүгүн, 1-майда жергиликтүү маалымат каражаттары депутат Надира Нарматованын уулу УКМК тарабынан кармалганын жазышты. Маалыматтарга караганда, ал Ошто кармалып, Бишкекке жеткирилген. Анын Бажы тариздөө тобунун башкы инспектору болуп иштегени да айтылды. 

Бул окуя боюнча УКМК маалымат бере элек. Ошондой эле ЖМКлар анын бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, 22-майга чейин камакка алынганын билдиришти. Редакция Биринчи Май райондук сотуна кайрылганыбызда, «Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 29-апрелиндеги токтому менен УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнмөсү канааттандырылып, Н.А.Н.га карата бөгөт коюу чарасы катары 22-майга чейин камакка алуу түрү колдонулган» дешти.