Депутат Нуржигит Кадырбеков кыргыз тили боюнча тестирлөөдө рекорд жаратты

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков кыргыз тили боюнча тестирлөөдөн эң жогорку упай алды. Бул тууралуу «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын жыйынына катышкан «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская билдирди.

Анын айтымында,  Кадырбеков жаңы жыл алдында 90 депутаттын ичинен биринчилерден болуп тестти ийгиликтүү тапшырды.
Маалыматка караганда, экзамен боюнча эң жогорку балл мурда 86,8 болчу. 2022-жылы эң жогорку упайды (91,6) Улукбек Абсаматов алса, 2023-жылы Кадырбеков рекордду жаңылады (96,8 упай). Эл өкүлүнө тесттен өткөндүгү тууралуу сертификат тапшырылды.