Кечээ, 23-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балак Түлөбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин ишин сынга алган.
«Акылбек Үсөнбекович тың болчу. Депутаттардын катына жооп берип турчу. Азыркы премьер-министрге жетип, көлдү айланып келгиче канча өттү, катка жооп жок. Менден салам айтып коюңузчу, сураныч”, — деген ал депутат президенттин парламенттеги өкүлүнө.
Бүгүн, 24-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында таарынгандар, чалгандар болгонун айтты.
«Мен Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасына кайрылбай, Өзбекстандыкына же Казакстандыкына кайрылайынбы? Биз элдин көйгөйүн чечүүдө көптөгөн каттарды жазабыз. Ошол каттарга кимдер кол коёт? «Биз муну карап жатабыз, аткарылып калышы мүмкүн» деген жооп келет. Көйгөй ошол бойдон калды. Ал кат министрге жеттиби жокпу эч кимдин иши жок. Өлкөдөгү алдыга жылууну көрбөй коюу сокурдук. Алдыга жылуу болуп жатат. Бир нерсе айтсак, таарынасыңар. Таарынсаңар, Таласка баргыла. Андай болбойт», — деди депутат.