Депутат өлкөдөгү ар бир абоненттен садага үчүн күнүнө 50 тыйындан чогултууну сунуштады

«Кыргызстанда тилемчилер көбөйүп кетти». Бул тууралуу депутат Арсланбек Эгембердиев жыйында билдирип, өлкөдөгү ар бир абоненттен садага үчүн күнүнө 50 тыйындан чогултууну сунуштады.

«Чоң-чоң көчөлөрдү тилемчилер басып кетти. «Аллах ыраазы» болсун дегенден башка же кыргызча билбейт, же орусча билбейт. Алардын кайдан келип жатканын билбейсиң. Тилемчилик кылгандардын 10 пайызы чыныгы муктаж, калганы бизнес деп ойлойм. Динде садага балээден сактайт дейт. Садага бергенге шашабыз. Өлкөдө 3 миллионго жакын телефон колдонгон абонент бар. Күнүнө 50 тыйындан алсак, айына 15 сом болот экен. Муну чогултсак, 45 миллион сом болот экен»,- деди депутат.