Депутат Өмүрбек Бакировго иш бөлмө берилди, бирок ал кире элек

Депутат Өмүрбек Бакировго 637-иш бөлмө берилди. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Буга чейин ал 709-иш бөлмөдө болчу. 18-ноябрда андан чыгарылган. Окуя боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

Ал эми депутат өзү журналисттерге иш бөлмөгө көчө албасын айтты. «Комиссиянын чечими чыгып, бул жагдайга юридикалык баа берилмейинче мен иш бөлмөгө кире албайм. Азыр буюмдарымдын жарымы 705-кабинетте, жарымы кайда экенин да билбейм», — деди Өмүрбек Бакиров.