Депутат: «Орусиянын түрмөсүндө жаткан кыргызстандыктын сөөгү Украинадагы согуштан келди»

«Кыргыз жараны Орусияда түрмөгө камалып, ал жерде отурганына 3 жыл болуптур». Бул тууралуу депутат Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Жакында эле анын сөөгүн Луганскийден алып келишти. Биздин Орусиядагы түрмөдө отурган жаран кантип Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан согушка барып калган? Биздин элчилик иликтеп берсин. Ал өз каалооосу менен кеткенби же аны мажбурлап алып кетишкенби? Аян Алишеров Ноокендеги Шалка деген айылынан болот. Биз аны жакшы тааныйбыз. Анын сөөгүн Украинадагы согуштан алып келишти», — деди депутат.