Депутат Осмонов: «Кара-Суунун тургундарынан уурулук кылгандар боюнча көп кайрылуу түшүүдө»

Кечээ, 19-декабрь күнү Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөлөрү Ош шаарынында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Алгач прокуратуранын, укук коргоо органдарынын жана чек ара кызматынын өкүлдөрү Ош облусунун аймагындагы кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чаралардын абалы тууралуу маалымат беришти.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Айбек Осмонов Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундарынан уурулук кылгандар боюнча көп кайрылуу түшкөнүн белгилеп, ушул багытка көңүл бурууга чакырды. Депутат Азамат Исраилов Кыргызстанда баңгизаттар менен күрөшүү иштери кандай жүрүп жатканына кызыкты. Эл өкүлдөрү бул маселе өлкөдө курч бойдон экенин белгилешип, аны менен олуттуу күрөшүүгө чакырышты.

Жыйындын жүрүшүндө комитет мүчөлөрү Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча жасалып жаткан иштерге да кызыгышты. Буга чейин бөлүнгөн акча каражатынын максатсыз иштетилгени боюнча кылмыш ишин такташты. Жыйын соңунда депутаттар көтөргөн маселелер боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүшү зарыл экени айтылды жана анын натыйжасы боюнча маалымат берилсин деп белгиленди.