Депутат: «Сапатсыз курулуштун башаты — коррупция»

«Коррупцияны токтотпойлубу?» деди Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Эрулан Кокулов.

«Коррупцияны токтотсок, бул жерде отургандарга да, сырттагыларга да жакшы болмок. Мисалы подрядчик менен ошолорду текшергендердин ортосундагы коррупция качан бүтөт? Биз жакшы кылып салып бергенге даярбыз дейт, бирок акчаларды караган органдарга бөлүштүрүп бергенден кийин 500 сом деген трубаларды 300 сомго алабыз же колдонулганын коёбуз дейт. Балдардын келечеги үчүн, Кыргызстандын келечи үчүн токтотпойсуңарбы», — деди ал.