«Бизде дарыгерлер жетишсиз. Айрыкча тоолуу жана алыскы райондордо бул маселе курч бойдон калууда». Бул тууралуу депутат Таалайбек Сарыбашов билдирди.
«Ошол эле учурда чет өлкөлөрдө, анын ичинде Орусияда иштеп жүргөн дарыгер мекендештерибиз көп. Биз аларды мекенге кайтаруу үчүн реалдуу шарттарды түзүшүбүз керек. Биринчи кезекте айлык маяна маселеси. Дарыгер татыктуу жашай ала турган деңгээлде эмгек акы албаса, бул көйгөй чечилбейт.
Бул багытта иш өкмөттүк деңгээлде системалуу түрдө жүргүзүлүшү зарыл. Конкреттүү программалар, стимулдар жана кепилдиктер болушу керек. Бул маселени биз Москвага болгон иш сапарыбызда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Абдырахманович менен да көтөргөнбүз. Көңүл буруп, чечели!» — деди ал.