Депутат: «Сокулукта 138 миң сом айып пул үчүн Тез жардам унаасын айып короого токтотушуптур»

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Сокулукта 138 миң сом айып пул үчүн Тез жардам унаасын айып короого токтотушуптур. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аманкан Кенжебаев билдирди.

«Тез жардам жол кырсыкта жаракат алган адамдарды, катуу ооругандарды ташыйт. Жол чырактын кызыл белгисине өтүп кетет. Мен ИИМге чалып чыгаргыла десем, айыбы төлөнмөйүн чыгарбайт экен. Тез жардам айып короодо турушу керекпи? Тез жардам, өрт өчүрүү оперативдик унаалар кызыл чырактан өтүшөт, аларды кантип камап койгонго болсун? Мыйзамга өзгөртүү киргизели анда», — деди ал.