Депутат Таштанбеков: «Сойкулук кылган кыздарды 15 жылга кесип жиберген туурабы?»

“Аша чаап кеткен жокпузбу? Элдин акысын жеген, уурулук кылгандарды айып пул менен бошотуп жиберип, сойкулук кылган кыздарды 15 жылга кесип жиберген туурабы?!”. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков билдирди.

Жогорку Кеңеште Кылмыш-жаза жана Укук бузуулар жөнүндө кодекстерге киргизилип жаткан ɵзгɵртүүлɵр каралды. Жыйында баяндама жасаган Укук тартиби боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков белгилегендей, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын аймагында атайын платформанын (вебкам-студиянын) жардамы менен түз эфирде (онлайн) интернет аркылуу сойкулукту жана ыпластыкты уюштуруу жана кɵмɵктɵшүү сыяктуу укукка жат жосундарды криминалдаштыруу максатында иштелип чыкты. Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.