Депутат Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасы каралууда. Тарапташтары митингге чыкты

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун имаратынын жанында депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду колдоо митинги өтүп жатат.

Митингчилер депутаттардын бошотулушун талап кылышууда. Жалпысынан митингге 200гө жакын адам чыккан. Тарапташтарынын айтымында, депутаттардын эч кандай күнөөсү жок жана алар үй камагына чыгарылышы керек.

Баш коргоо чарасын узартуу үчүн депутаттар сотко жеткирилди.

Жээнбеков менен Зулпукаров УКМК тарабынан 31-майда кармалып, алардын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 2 айга каммакка алган.