Депутат Түмөнбаев: «Бишкек шаарынын ичиндеги май куюучу бекеттерди шаар сыртына чыгаруу зарыл»

“Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев “Ататүрк” сейил багындагы жагдай тууралуу учкай айтып, анын жанындагы кароосуз калган ВДНХнын абалына көңүл буруп, анын мамлекетке кайтарылышын колдоого чакырды.

Эл өкүлү ошондой эле шаар ичиндеги май куюучу бекеттерди шаар сыртына чыгаруу зарылдыгын белгиледи. «Бишкек шаарында 96 май куюучу бекет бар экен. Шаар сыртына чыгарсак, аба таза болуп, ден соолугубузга да зыян тиймек эмес», — деди ал.