Депутат түтүн боюнча: «Түнү менен ЖЭБге баралы. Булганган нерсе жагылып жатканын айтып жатышат»

Бүгүн, 14-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов күн тартибине Бишкектин абасы боюнча маселени киргизип кароону сунуштады.

«Бишкектин абасы ден соолукту жок кылып жатат. Булганган абанын айынан балдардын оорулары күчөдү. Ыштын айынан бул дүйнө менен коштошуп жатышат. Мына депутаттар бир нече жыйын кылып, өкмөт жыйын өткөрүүдө. Бирок жыйындан жыйынтык жок. Чиновниктер кайдыгер карашууда. Болбосо, түнү менен ЖЭБге баралы, ЖЭБде түнү менен булганган нерсени жагып жатышат дешүүдө. Муну карабасак, ден соолукка кол салып жатышат. Балким айрым чиновниктер абаны булгаш үчүн иштеп жаткандыр. Бүгүн жыйын боло турган күнү кичине аба тазаланды. Булар кимдер менен мышык-чычкан ойноп жатышат?» — деп суроо салды ал.