Жогорку Кеңештин депутаттары 8-10-январда эл менен жолугат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
Кечээ, 26-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында токтом кабыл алынган. Ага ылайык, 2025-жылдын 8-январынан 10-январына чейин эл өкүлдөрүнүн шайлоочулар менен иштөө убактысы деп эсептелет.









