Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча комитети бүгүн, биринчи окууда тойго чакырууда коноктордун санын чектөө жана мал союлбай жаназа окуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Демилгечи — депутат Улукбек Ормонов.
Талаптар:
- Той, маараке, үй-бүлөлүк салтанаттар 100дөн ашпаган адамды чакыруу менен жүргүзүлөт. Үлпөт тойлор 200гө чейинки адамга банкет менен бир күндүн ичинде өткөрүлөт. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанаты 3төн ашык эмес жеӊил автоунааны колдонуу менен өткөрүлөт;
- Сөөктүү коюу, жаназа окуу иш-чараларында катышуучулардын саны чектөөсүз. Бирок ири мүйүздүү мал жана жылкы союлбайт. Өлгөндөн кийин аза күтүү учуру боюнча ырымдарга 100дөн ашпаган адам чакырылат, анда дагы чоң мал союуга болбойт;
- Зыяратчыларды узатуу жана тосуу учурунда үй-бүлө, жакындар менен гана өткөрүлөт. Конок чакырып, жалпы иш-чараларды уюштурууга катуу тыюу салынат;
- Үлпөт той, маараке салтанаттарды, сөөк коюу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү эс алуу күндөрү саат 8:00дөн 23:00гө чейин, ал эми жумушчу күндөрү саат 18:00дөн 22:00гө чейин жүргүзүлөт.
Демилгечи депутат мыйзамдын талаптарын бузган физикалык жактарга 35 миң сом, юридикалык жактарга 100 миң сом айып пул салууну сунуштайт.