Депутаттар вебкам-секс индустриясын криминалдаштырууга киришти

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жөнүндө (Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине)» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Мыйзам долбоорун демилгечилердин бири, депутат Нурланбек Азыгалиев тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору вебкам-секс индустриясын криминалдаштырууну жана Кыргыз Республикасынын аймагында вебкам-студиясынын атайын платформасынын жардамы менен түз эфирде (онлайн) интернет аркылуу сойкулукту жана ыпластыкты таратууну уюштуруп жана кɵмɵктɵшүп жаткан, ɵзүнүн табияты боюнча кылмыштуу жосун болуп саналган акчалай кирешеге ээ болгон адамдарга карата кылмыш-жаза жоопкерчилигин колдонууну болжолдойт.Айрым учурларда моделдер эксплуатациялоонун же ак ниетсиз практикалардын тобокелдигине кабылышы мүмкүн экендигин эске алып, вебкам-моделдер жагынан Укук бузуулар жөнүндө кодекстин алкагында жоопкерчиликти кароо сунуш кылынат.
Талкууда депутат Айсулуу Мамашова мыйзам долбоорунда каралган айып акчалардын өлчөмүн көтөрүү сунушун айтып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу чараларын тактады. Депутат Рустамбек Советбек уулу кыздарды алдоо жолу менен ыплас иштерге колдонгон адамдарга карата жаза чарасын күчөтүү жана айып пулдарды максималдуу деңгээлге чейин жогорулатуу сунушун айтты. Эл өкүлү Алишер Эрбаев мыйзам долбоорун колдоого алып, ошол эле учурда жаңыдан колдонулуп жаткан “вебкам студия” деген сөзгө так түшүндүрмө берүү жагдайын белгиледи.
Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков мыйзам долбоору кабыл алынса, бул багытта иш алып барган укук коргоо органдарына жеңилдик болмок деди. Жыйынтыгында комитет аталган мыйзам долбоорун жактырды. Мындан тышкары комитетте депутаттар Марлен Маматалиев жана Эльвира Сурабалдиева тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоого ээ болду.