Депутаттардын «Баатыр энелердин» балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү демилгеси колдоо тапты

Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды.
Демилгечилер – депутаттар Медер Чотонов, Исманали Жороев, Бахридин Шабазов, Нуржамал Торобекова, Жылдыз Эгенбердиева, Гүлнара Баатырова, Эдита Тайгараева, Болот Сагынаев, Гүлсүнкан Жунушалиева, Бактыяр Калпаев.
Аталган маселе менен демилгечилердин бири, депутат Медер Чотонов тааныштырды. Анын айтымында, токтом долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин өзгөчө эмгегин таануу, социалдык адилеттүүлүктүн конституциялык принциптерин ишке ашыруу жана билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле үй-бүлөнү, энени жана баланы колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында үй-бүлө институтун чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын демографиялык өсүүсүн өбөлгөлөө үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
Талкуу маалында депутаттар Алтынбек Кылычбаев жана Советбек Рустамбек уулу «Баатыр эне» орденин ыйгаруу тартибине көңүл бурушуп, аны жөнөкөйлөтүү зарылдыгын белгилешти. Ал эми эл өкүлү Бурул Аманова бул сыйлык менен сыйланган аялдардын санына кызыгып, жогорку окуу жайларында билим алып жаткан балдарга байланышкан маселелерди тактады. Буга Медер Чотонов бүгүнкү күндө «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин саны 42 миңден ашканын билдирди. Муну менен катар депутат Улукбек Карыбек уулу бул категориядагы энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү маселесин тиешелүү мыйзамдарда да бекитүү керектигин кошумчалады.