Депутаттык комиссия Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди

Бүгүн, 9-январда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушун кароо боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ишин аяктады.

Жергиликтүү ЖМКлар маалымдагандай, комиссия Жогорку Кеңешке Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга башкы прокурорго уруксат берүүнү сунуштоодо. Бул чечимге комиссиянын жети мүчөсү добуш берсе, бирөө өзгөчө пикирин билдиргени айтылды.

Жамгырчиев өзү бүгүн парламентте депутаттык комиссиянын жыйынынан кийин маалымат жыйынын бермек болуп, бирок ал болгон жок. Аны басма сөз залынын жанында бир нече саат күттүк. Бирок ал келген жок. Анын кайда экени азырынча белгисиз. Кесиптештери да кайда экенин билишпейт», — деп билдирген «Кактус» агенттигине депутаттар.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине депутаттын өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок.