Депутаттыкка талапкер Ыргал Кадыралиева: «Президенттин шайлоо таза өтсүн дегенине каршы чыкпаңыздар»

Бүгүн, 10-сентябрда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо өтүп жатат. Добуш берүүгө депутаттыкка талапкерлердин бири Ыргал Кадыралиева катышты.

«Мамлекеттик телеканалда айтылган суроолордун ачык калышы элдин күмөнүн жаратпашы үчүн күч органдары сөзсүз баа берип, жообун жарыялашы керек. БШК ылдамдык менен карап, чара көрүшү шарт. Президенттин шайлоо таза өтсүн дегенине каршы чыкпаңыздар», — деди ал.