Дин иштери боюнча мамкомиссиясынын директорунун жаңы орун басары дайындалды

Гүлназ Исаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Гүлназ Исаева — диний маселелер жана дин аралык диалог боюнча адис. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын адиси болуп иштеп келген.