Дмитриевкадагы атып өлтүрүлгөн жаран жашаган үйдүн ээси: «Бир кишини кармаш үчүн үйгө 4 граната ыргытышты»

Дмитриевкадагы үйдө өлтүрүлгөн жаран бир нече күн мурун айылга аялы жана баласы менен Оштон келген. Бул тууралуу 24.kg агенттигине кылмышкерди кармоого аракет кылган үйдүн ээсинин эжеси билдирген. 

«Бул менин эжемдин үйү. Ал Орусияда жашайт. Үй ижарага берилип келген. Аялы, баласы менен бир киши үч-төрт күн мурун аны ижарага алган. Анын маңдайында “террорист” деп жазылган эмес да. Алардын кимдер экенин кантип билмек элек? Алар акча төлөштү, биз киргиздик. Анан ушундай болуп кетти. Үйдүн баары күйүп кетти. Милиция кызматкерлери аны кармоого келгенде аялы менен баласын алып чыгышты. 1 адамды кармоо үчүн 4 граната ыргытышты. Үйдүн баары урап калды», — деди Марина Мусаева.