Дмитриевкадагы атышуу. Жаракат алган күч органдарынын кызматкеринин абалы айтылды

Дмитриевка айылында Ички иштер министрлиги менен УКМКнын атайын операциясынын жүрүшүндө жаракат алган күч органдарынын кызматкеринин ден соолугунун абалы туруктуу. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, операциядан кийин ал бөлүмгө которулган.

Кечээ, 17-майда саат 10:45те жабырлануучу 1991-жылы туулган жаран сол бутуна ок тийип, санитардык авиациянын линиясы аркылуу Улуттук госпиталга жеткирилген. Ага операция жасалды: бөтөн нерсени алып салуу жана жамбаштын сыныгын Хофман аппараты менен бекитүү.

Жаракат алган коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин бирине жеринде амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.