Добуш берүү Орусиянын Иркутск шаарында да аяктады

Орусиянын Иркутск шаарында добуш берүү аягына чыкты. Дегенибиз, жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө шайлоо тилкеси жабылды.

Соцтармактарга аталган шайлоо тилкедеги добуш берүүнүн жыйынтыгы тарады. Анда 319 шайлоочунун добуш бергенин көрүүгө болот. Андагы жыйынтык боюнча, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы 117 добуш менен алдыга чыкканын көрүүгө болот.