Дөөлөт Сыдыков менен Ырыс Окенова «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын курамынан чыгышты

Манасчы Дөөлөт Сыдыков менен режиссер Ырыс Окенова «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын курамынан чыгышты. Бул тууралуу аталган партиянын мүчөсү Эмил Жайчиев билдирди.

«Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков жана анын жубайы Ырыс Окенова «Бүтүн Кыргызстан» саясый партиясына жарым жыл мурда кошулган, тилекке каршы мындан кийин саясаттан алыс болуп, чыгармачылык менен гана алектене тургандыгын билдиришти. Алар «Бүтүн Кыргызстан» саясый партиясынын курамынан чыгып кетүүгө арызын беришти. Дөөлөт иниме мындан кийин саясат болбосо да ар дайым чыгармачылыкта колдоо көрсөтүп, Кыргызстандын өнүгүүсүнө ар тармактуу салым кошууга биргеликте аракет кылабыз жана жалпы мекендештерди ынтымакка чакырам», — деди ал.