Доскул Бекмурзаев ага карата козголгон кылмыш иштер боюнча: “Менин атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептейм”

Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон энергетика министри Доскул Бекмурзаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылды.

“Мага карата Башкы прокуратура козгогон эки кылмыш иши жөнүндө кабардар болсоңуздар керек. Кылмыш иштеринин экөө тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген негизде экен. Бирок мунун баарын мен, менин атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептейм!

Министрликти башкаруу оңой иш эмес. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин мага берген тапшырмасы — көптөгөн жылдар бою өлкөнүн сапатсыз башкарылып сазга баткан экономикалык секторуна олуттуу реформа жүргүзүү болгон. Аталган тармактын иши көптөгөн жылдар бою туура эмес жүргүзүлгөн. Мындай шарттарда жемкорлук иштери гүлдөп, анын кесепетинен кыргыз эли жапа чегип келген.

Өтө жоопкерчиликтүү бул кызматка келүү менен мен жаңы жаркын келечекке жол баштап, энергетика тармагын модернизациялоого бар күчүмдү жумшагам. Аталган секторду ирээтке келтирүүгө болгон аракетим жана андагы чоң өзгөрүүлөр көмүскөдө калып калбайт деп ишенем. Мунун баары айрым бирөөлөргө жакпагандыктан, кээде кайсы бир таасирдүү адамга бут тосуулар болуп, кээде мунун айынан бир нече адамдын же бир топтун кызыкчылыгы тебеленет тура. Мен бул жолдун татаал болорун билгем жана ою жаман адамдарды басып өтөм деп ишенем! Бул тоскоолдуктар мени токтото албайт!— деп жазды ал.