ДССУ коронавирус пандемиясы аяктаганын жарыялады

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус 2020-жылдан берки COVID-19га байланышкан өзгөчө кырдаал режими аяктаганын жарыялады. Ал бул чечимин жума күнү Женевадагы брифингде ДССУнун эксперттеринин тиешелүү сунушуна макул болуп билдиргенин Euronews жазды.

Өзгөчө кырдаалдар комитети каза болгондордун, ооруканага жаткырылгандардын, анын ичинде реанимация бөлүмдөрүнө жаткырылгандардын саны азайганын жана калктын коронавируска каршы иммунитетинин жогорку деңгээлин белгиледи.

Гебрейесус ошондой эле пандемия учурунда ДССУнун маалыматы боюнча 20 миллион адам коронавирустан каза болгонун айтты.