ДССУ маймыл чечегин пандемия деп жарыяладыбы? Министрликтин жообу

Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм маймыл чечегинин чыгышын пандемия деп жарыялагандыгы тууралуу маалыматтар чыгып кеткенине байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымат таратышты.

«Ушул сыяктуу маалыматтарды талдоодо, шилтеме World Health Network сайтына жасалганы аныкталган, анын мындай билдирүү жасоого мандаты жок. 23-июнда ДССУ маймыл чечегинин чыгуу коркунучун баалоо үчүн чукул комитет чакырган. Буга байланыштуу www.who.int сайты аркылуу ДССУнун расмий билдирүүлөрүнө, ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүлөрүнө көз салуу зарыл», — деп жазылат маалыматта.

Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм маймыл чечегин пандемия деп жарыялоого эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.