“Дубровский” ресторанынын ээси: «Мэрия тараптан эч кандай башаламандык жок»

“Дубровский” ресторанынын ээси Валерий Серков коомчулукка кайрылып, мэрия тараптан эч кандай башаламандык, рейдерлик тартып алуу болбогонун билдирди.

«Сүйүктүү мэрия тараптан эч кандай башаламандык жок, чын жүрөгүмөн айтып жатам. Мени бирөө мажбурлады деп ойлобогула»,- деди ал.

Эске салсак, «Дубровский» ресторанын имараты Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөн. Ресторандын ээлерине жер участокторун ижарага берүү укугун берүү боюнча Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин комиссиясынын отурумунун чечими менен ижара келишимин узартуудан баш тартылган. Автобустук линияны кеңейтүү зарылдыгына байланыштуу башка жер тилкесин берүү чечими кабыл алынган.