Душанбеде топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү

10-марттан 16-мартка чейин Душанбе шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү деминде өттү. Кийинки жолугушуу Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлөт.