Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен жабылышы Бишкектеги жаңы стадиондо өтөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен жабылышы Бишкектеги жаңы стадиондо өтөрүн маданият министри маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка караганда, оюндун негизги бөлүгү Ысык-Көлдөгү ипподром менен Кырчын жайлоосунда болот. Иш-чара 2026-жылдын күз айларында өтөт.