Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажик Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү Тараптардын кезектеги жолугушуусу Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.